МОЮН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЮН - адамдын жана жаныбарлардын көкүрөк клеткасын баш менен кошуп турган дене бөлүгү. Ал бир жагынан баш сөөгүнүн негизи, экинчи жагынан көкүрөк клеткасынын жогорку тешиги менен чектелген. М-дун алды жагы алкым же тамакты, арт жагы булчуңдуу желке, кежиге же шилини түзөт. Ал М. омурткасынан турат. Бул омурткалардын каптал урчугунда тешиги болуп, анда мээни кан менен камсыз кылуучу омуртка артериясы жана венасы жатат. Омуртка каналынын ичиндеги жүлүндөн чыккан нервдер М. жана ийин чатыштарын түзөт. М. баштын кыймылын камсыз кылат, азыгын кармоого мүмкүндүк берет. М-да дем алуу (кекиртек, трахея) жана тамак сиңирүү (алкым, айрым шилекей бездери, кызыл Өңгөчтүн жогорку бөлүгү) органдарынын башталышы, бир топ тамырлар (күрөө тамыр, лимфа тамырлар), калкан сымал жана калкан жанындагы бездер, нервдер жайгашкан. М. омурткаларынын жүлүн көңдөйүндө жүлүндүн башталыш бөлүгү жатат. Жерде-сууда жашоочуларда сыртынан М-ну байкалбайт. Аларда 1 гана М. омурткасы бар. Ал башын ылдый түшүрүп, жогору көтөрө алат. Куштарда М. омурткалары 9дан 25ке чейин жетет. Айрымдары башын бир жакка 270°ка чейин бура алат. Сүт эмүүчүлөрдө М-ну канчалык узун болсо да, омурткаларынын саны 7ден ашпайт.