МОТИВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОТИВ (латынча moveo - жылдыруу дегенден; фр. - күү, обон) -1) адабиятта сюжеттин эң жөнөкөй элементи (деталы); сюжеттеги каармандардын кандайдыр бир иш-аракеттерди аткарышынын себептери, ошол ишти аткарууга түрткү берген психол. жагдайлар. Мисалы, каармандын аңчылыкка чыгышынын М-и, кайып болуп кетишинин М-и ж. б. М-дерди туура изилдөө чыгарманын идеялык-тематикалык бүтүндүгүн туура түшүнүүгө жардам берет; 2)көркөм өнөрдө композициянын жасалга-көркөм буюмдар башкы материал катары пайдаланылган же берилген бөлүгүнүн негизгиси болуп алынган элемент. Белгилүү бир мүнөз, образ, мазмунду алып жүрүүчү (көп учурда табият көрүнүшү), сейрек учурай турган кубулуш. Живописчинин иши үчүн чыныгы жана мазмундуу М-ди издөө өзгөчө маанилүү; 3) музыкалык структурадагы эң кичине элемент (к. Музыкалык форма).
Ад.: Силантъев И. В. Мотив в системе художественного повествования: проблемы теории и анализа. Новосиб., 2001.