МОСОЛОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОСОЛОВА Любовь Михайловна (16. 11. 1943- жылы туулган, Ысык-Көл обл, Жети-Өгүз р-ну, Жууку капчыгайы) - искусство таануу илимдеринин доктору (1992). Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетиндеги искусство тарыхы бөлүмүн (1966), Анын Ичинде Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин аспирантурасын бүтүрүп (1972), ошол эле жерде философия кафедрасынын ассистенти (1972), доценти (1976), 1982-жылдан эстетика жана искусство таануу кафедрасынын доценти, көркөм-графика факультетинин деканы (1979-85), улук илимий кызматкер (1985-87), 1988-жылдан кафедра башчысы. КРдин Көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1998), РФ Жогорку мектебинин эмг. сиң. кызматкери (2004). Россия гуманитардык ИАнын анык мүчөсү (1996) жана Эл аралык чыгармачылык академиясынын корр. мүчөсү (2008). 200дөн ашык илимий, окуу-методикалык эмгектин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Изобразительное искусство Кыргызстана. Ф., 1987; История искусства Кыргызстана с древнейших времён до XX века. Б., 2010.