МОСКВА КРЕМЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОСКВА КРЕМЛИ - орус архитектурасынын көрү­нүктүү эстелиги. Москванын эң байыркы бөлүгү, өлкөдөгү башкы коомдук саясий, руханий-ди­ний, тарыхый-коомдук комплекс. Анда Россия өкмөтүнүн имараттары жайгашкан. РФтин пре­зиденти жайгашкан жер. Адегенде Боровицкий дөңсөөсүндө чакан чеп кыштак катары түшкөн. 13-к-да алгачкы таш храмдар жана Успенье собо­ру (1327), Ионн Лествичник чиркөөсү (1329), Спас собору менен монастыры (1330), Архангел собору (1333) курулган. «Кремль» деген ат 14-к-да ко­юлган. Князь Юрий Долгорукийдин (1156) буй­ругу боюнча М. К. 5-6 эсе кеңейтилген. 14-15- к-да ак таш менен дубалдар жана мунаралар тургу­зулган. 16-к-дын орто ченинде падышалардын резиденциясына айланган. 14-16-к-да татарлар­дын жана литвалыктардын бир катар кол салуу­суна туруштук берген эң мыкты чептерден бол-

Москва Кремлинин Москва дарыясы жагынан көрүнүшү.

гон. 1487-91-ж. аянты 500 л2ди түзгөн. Кырдуу палата салынган. Сенат имараты классицизм стилинде курулган (арх. М. Ф. Казаков). Арх. К. А. Тондун долбоору боюнча Кремлдин чоң дво­реци (1839-49) жана Курал-жарак палатасынын жаңы имараты (1844-51) тургузулган. Сенат имаратында орус чеберлеринин эстеликтери­нен Падыша-замбирек, Падыша-коңгуроо бар. В. И. Лениндин сунушу боюнча (1918-ж. 17-май) М. К. изилденип, ондоло баштаган. Совет бий­лигинин тушунда Кремлдин съезддер двореци (1959-61), В. И. Ленинге эстелик ж. б. көп има­раттар, музейлер, эстеликтер тургузулган. Өлкөдөгү зор окуялар (съезд, салтанаттуу чо­гулуштар, концерттер ж. б. иш-чаралар) М. К-нде өтөт. М. К. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине киргизилген.

Ад.: Иванов В. Н. Московский Кремль. М., 1981; Родимцева И.А. Московский Кремль. [10-е изд.]. М., 1990; Фабрициус М. П. История Московского Кремля. М„ 2008.