МОРОНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОРОНИ - Комор Аралдары союзу мамлекети­нин борбору. Инди океанындагы порт. Комор Аралдарына таандык 3 аралдын бири Нгазижада (Гранд-Комор) а-нда, Мозамбик кысыгынын түндүк бөлүгүндө, бул аралдагы аракеттеги Картала жанартоосунун (2361 м; өлкөнүн эң бийик жери) этегинде жайгашкан. Калкы 50 минден ашык (2012); негизинен анталоте, кафре, макао ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. М. - ваниль, какао, кофе соодалоонун борбору. Шаарды 1886-1906-ж. француздар басып алган. 1912-жылданМадагас­кардын ээлигинин курамында болгон. 1946-жыл-

Шаардын бир бөлүгү

дан Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусуна ээ. Расмий түрдө 1976-жылдан Комор Аралдары мамлекетинин борбору. Архитектурасы араб маданиятынын таасиринин негизинде курулуп, көптөгөн эски мечиттер кездешет. Ошондой эле шаар базары, Медина эски кварталы ж. б. сактал­ган. Өлкөдөгү туруксуз саясий кырдаал туризм­дин өнүгүшүнө тоскоол болуп келүүдө жана инф­раструктура начар өнүккөн.