МОҢГОЛ ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОҢГОЛ ТИЛДЕРИ — моңгол элдеринин тили. 14-16-к. ченде (Чыңгызхан негиздеген империянын кулашы менен) байыркы моңгол уруулары үчүн орток болгон моңгол тилинин диалектилеринен куралган М. т. мына булар: т ү н. м о ңг о л - сингармониялык тилдер (к. Сингармонизм) - халха-моңгол тили, бурят, калмак, ойрот тилдери; т ү ш.-ч ы г ы ш - сингармониялык эмес тилдер - дагур (Түндүк-Чыгыш Кытайда), дунсян, монгор, баоань (Цинхай, Ганьсу провинциясы; баары жазмасыз); арабөк тилд е р - жазмалуу байыркы моңгол жазма тили, моңгол тили. Улуттук бирдиктүү мамлекети түзүлгөнгө чейин моңголдор өнүккөн адабий тилге жана жазууга ээ болгон эмес. 16-17-к-да моңголдордун мамлекеттүүлүгүнүн бүлүнүшү ошол эле моңгол тилинин жок болуп кетүү коркунучуна алып келген эмес. Анткени ошол мезгилде түндүк менен түштүктүн маданий байланышына жана тилдик карым-катнашына каражат катары кызмат кылган анын адабий формасы калыптанып калган эле. Булардан кыйла изилденип калгандары - моңгол, бурят жана калмак тилдери.
Ад.: Тодаева Б. X. Монгольские языки и диалекты Китая. М„ 1988.