МОҢГОЛ АЛТАЙЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОҢГОЛ АЛТАЙЫ - Моңголия менен Кытайдын аймагындагы тоо тармагы. Түндүк-батыштан түштүк- чыгышты карай 1000 клгдей созулат. Эң бийик жери - 4362 м (Мунх-Хайрхан-Ула чокусу). Тектон. ойдуңдар менен бөлүнгөн жарыш кырка тоолордон турат. Жондору плато сымал, жайпак. Кыр бөлүгүндө төр жана асылма типтеги мөңгүлөр жатат; алардын эң ириси - Потанин мөңгүсү (Моңголиянын аймагында, аянты 50 кмг, уз. 19 км).
Кристаллдык сланец, порфир, гранит тектеринен түзүлгөн. Түштүк-батыш капталдары түндүк-чыгышына караганда нымдуураак келгендиктен, анда токой-шалбаалуу ландшафт (токоюнда карагай, кара карагай басымдуу) тарап, андан жогору альп шалбаасы, төмөн талаа зоналары жатат. Түндүк-чыгыш капталдарында талаа жана жарым чөл, тоо аралык ойдуңдарында жарым чөл басымдуу.