МОНУМЕНТАЛДЫК ИСКУССТВО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНУМЕНТАЛДЫК ИСКУССТВО - архитектуралык курулуштарды идеялыц-көркөмдүк жагынан толуктап турган пластикалык өнөрдүн түрү. М. и-на эстеликтер, монументтер, панно, фреско жана имараттардын живопистик, мозаикалык, ошондой эле скульптура жактан көркөмдөлүшү кирет. Кээде М. и-нун чыгармаларын монументтикжасалга искусствосунун чыгармалары деп аташат, себеби алар бир эле учурда идеялык көркөм пропаганда үчүн жана ансамблдеги эстетикалык кооздукту күчөтүү максаттарында колдонулат. М. и. чыгармалары музейлерде, турак жайларда, аянттарда, парктарда, чоң коомдук имараттардын алдында орнотулат, мисалы, Ватикан сарайындагы Рафаэлдин фрескалары же Микеланжелонун Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөрү. М. и. өзгөчө бир бүтүндүктү, ачыктыкты, образдык максаттуулукту, чоң масштабды, жөнөкөй жана күчтүү формаларды талап кылат.