МОНАРХИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНАРХИЯ (грекче monarchia - жеке бийлик) - монарх башкарган мамлекет. Чектелбеген (абсолюттук) М. (кул ээлөөчүлүк жана феод. тузүлүштөр үчүн мүнөздүү) жана чектелген (конституциялык) М. (мында монархтын бийлиги парламент тарабынан чектелет) болуп бөлүнөт. Азыркы доордо конституциялык М. мамлекеттери (Улуу Британия, Норвегия, Дания, Швеция ж. б.) жашап турат. Конституциялык М-да монарх юридикалык түрдө аткаруу бийлигинин, сот системасынын башчысы болуп эсептелип, формалдуу түрдө
өкмөттү шайлап, министрлерди кетирип, аскер жана саясий күчтөрдү колдонууга, жоболорду чыгарууга, парламентти таркатууга укуктуу. Бирок иш жүзүндө бул функциялардын бардыгы толугу менен парламенттин колунда. Азиядагы кээ бир өлкөлөрдө теократиялык М-лар бар (алардын башчылары ошол эле убакытта диний башчы да болуп эсептелет).