МОМУНОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОМУНОВА Гүлсайра (30. 12. 1937-жылы туулган, азыркы Талас обл., Бакай-Ата р-ну, Кең-Арал айылы) - акын, КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (1987), «Түгөлбай ата» адабий сыйл. лауреаты (2003), Кыргыз эл акыны (2011), 1960-ж. В. М. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөн. 1961-69-ж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, 1971- 73-ж. «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973- 93-ж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу секретарь, редактордун орун басары болуп иштеген. Виринчи ырлар жыйнагы 1963-ж. «Тилек» деген ат менен жарык көргөн. «Кыял чабыты» (1967), «Саябан» (1969), «Менин күнүм» (1972), «Жылаажын» (1976) «Өмүр бешигим» (1979), «Тереңдеги берметтер» (1981), «Ак-Марал» (1984), «Табар белем» (1987), «Айдарым» (1991), «Жандүйнө» 1994), «Кутдүйнө» (2004), «Миң дүйнө» (2005), «Нурсултан» (2006), «Туулган үйдүн жарыгы»

(2008) ж. б. ыр жыйнактарыпын автору. Бир катар ыр жыйнактары орус тилине которулган («Признание в любви», 1974; «День рождения», 1978; «Улыбка», 1983). И. Жакановдун «Кайтарылган ыр» повестин 1973-ж. кыргыз тилине которгон. 1996-ж. Түркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эл аралык конкурсунда «Боз үй» поэмасы үчүн «Куттуу апта», 2001-ж. «Эр Манас урпагы» медалдары менен сыйланган.