МОЛИБДЁН КЕНТАШЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛИБДЁН КЕНТАШЫ - курамында молибден металлы бар минералдардын табигый чогундусу. Негизги минералдары - молибденит [MoS2 (Мо-60% )], повеллит [CaMoO4 (Мо- 45%)]. Кенташта кошумча компонент түрүндө жез, вольфрам, күмүш-; бериллий, калай ж. б. минералдар жолугат. М. к. интрузия тоо тектери менен тыгыз байланыштуу. Жез-молибдендүү кенташтар - монцониттер, гранит-диориттер, гранит-сиениттер менен, бир эле металлдан тургандары - биотит-роговой обманкалуу граниттер менен, вольфрам-молибдендүүсү гранит менен байланышкан. Экзогендик шартта пайда болгон М. к. таш көмүр, көмүрлүү чопо, кремнийлүү сланецтер жана катуу нефть битумдарында жолугат. Бирок, молибден өтө аз санда болгондуктан, мындай кендер азырынча казылбайт.
Ад.: Покалов В. Т. Генетические типы и поисковые критерии эндогенных месторождений молибдена. М., 1972.