МОЛЕКУЛА ФИЗИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛЕКУЛА ФИЗИКАСЫ - физиканын ар кандай агрегаттык абалдагы заттардын физикалык касиеттерин микроскопиялык деңгээлде изилдөөчү бөлүмү. Газ, суюктук, катуу заттардын микроскопиялык түзүлүштөрүн изилдөө жана ар кандай фазалык өтүүлөрдү (эрүү, буулануу, кристаллдашуу, конденсация, сублимация ж. б.) өздөштүрүү - М. ф-нын негизги милдети. М. ф-нда заттын сырткы таасирлерден (басым, температура, электр-магнит жана гравитациялык талаалар) өзгөрүшү, диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөрумдуулук жана беттик кубулуштар изилденет. Бул маселелерди чечүүдө М. ф-нда термодинамикалык жана статикалык ыкмалар колдонулат жана алар бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, иондор) кыймылын, өз ара аракеттешүүсүн талдоо менен тыгыз байланышкан. М. ф-нын алгачкы калыптанган бөлүмү - газдардын кинетикалык теориясы. Анын өнүгүшү менен англ. физик Ж.
Максвелл, австр. физик Л. Больцмандын эмгектеринин негизинде классикалык статистикалык физика түптөлгөн. 20-к-дын башынан М. ф. өнүгүүнүн жаңы этабына түшкөн. А. Эйнштейн баштаган окумуштуулардын эмгектери микробөлүкчөлөрдүн броун кыймылына арналган жана анын негизинде молекуланын бар экендиги далилденген. Электронография жана рентген структуралык анализ ыкмаларынын негизинде катуу жана суюк заттардын түзүлүшү, фазалык өтүүдө жана сырткы факторлордун (температура, басым, электр жана магнит талаалары) таасири аркасында алардын өзгөрүшү изилденген. Термодинамикалык ыкма боюнча заттардын макроскопиялык касиеттери (басым, температура, курамы, энтальпия ж. б.), статистикалык ыкма боюнча заттарды түзгөн бөлүкчөлөрдүн касиеттери жана өз ара аракеттенишүүлөрү изилденет. Статистикалык физикадан тышкары М. ф-дан физикалык кинетика, физикалык химия, катуу заттардын физикасы, молекула биологиясы бөлүнүп чыкты. М. ф-нын закондорунун негизинде металл, полимер, плазма физикалары, кристалл физикасы ж. б. илимдер өнүгүүдө.
Ад.: Ландау Л. Д„ Ахиезер Анын Ичинде, Лифшиц Е. М. Курс общей физики: Механика и молекулярная физика. 3-е изд. М., 2011.