МОЛДОКУЛОВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛДОКУЛОВА Эсенбүбү (25. 2. 1941-жылы туулган, азыркы Талас обл., Талас р-ну, Кең-Арал айылы) - опера ырчысы (драмалык сопрано). Кыргыз ССР эл арт. (1986). 1958-ж. Фрунзе медициналык окуу жайын, 1962-ж. Москвадагы П. И. Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайын, 1972-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөн. 1962-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана

балет театрында солист. Көрүнүктүү партиялары: Айчүрөк, Ажар, Тотуя, Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк», «Алтынкыз», «Токтогул», «Манас»), Кишимжан (М. Абдраев, «Олжобай менен Кишимжан»), Гүлмира(Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту») ж. б.; классикалык опералардан: Лиза, Иоланта (П. И Чайковский, «Карганын маткеси», «Иоланта»), Наташа (А. Даргомыжский, «Суу периси»), Эльвира (В. Моцарт, «Дон Жуан»), Микаела (Ж Бизе, «Кармен») ж. б. партияларды жогорку чеберчиликте аткарган.
Репертуарында кыргыз, орус композиторлорунун ырлары бар. Элдик ырларды да мыкты аткарат. Медалдар менен сыйланган.
