МОЛДОБАЕВ Совет: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛДОБАЕВ Совет (10. 12. 1934-ж. т„ азыркы Чүй обл„ Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы) - химия илимдеринин кандидаты (1964), проф. (2001), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйл. лауреаты (2000), КРдин билим берүүгө эмг. сиң. ишмери (2003), Билим берүүнүн отличниги (1981), Ж. Баласагын атындагы сыйл. ээси (1998). КМУну (1956), Кыргыз ССР ИАнын Химия интунун аспирантурасын (1959) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда кенже илимий кызматкер (1955-64), КММУда улук окутуучу (1964-65), доцент (1965-2001), кафедра башчысы (1966-79, 1984-94), проф. болуп иштеген. 2007-жылдан Табият илимдеринин экол. билимдерди окутуу боюнча ЮНЕСКО кафедрасынын башчысы. Анализдик химия боюнча адис. М-дин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыты - Кыргызстандагы түстүү чополорду анализдөөгө, амид (аладин, валид ж. б.) кислоталарынын өтмө металлдарды пайда кылуусун аныктоого арналган. 90дон ашык илимий эмг„ анын ичинде 2 окуу китеби, 16 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг.: Химические методы разделения и обнаружения ионов в водных растворах (уч. пособие). Б„ 1993; Изучение влияния спектрохимических буферов на определение микроэлементов в почвах атомноабсорбционным методом. Б„ 1994; Аналитикалык химия. Б„ 1998; Аналитикалык химия боюнча маселелер жыйнагы. Б. 2000.