МОЛДО КЫЛЫЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛДО КЫЛЫЧ Шамыркан уулу (1866, Кочкор өрөөнү - 1917, ошол эле жер) - кыргыз жазма акыны; «Замана» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Сарыбагыш уруусунун белгилүү манабы Төрөгелдинин небереси. Ал жаш кезинен диний мектептен сабаты ачылып, ырларын жазма түрүндө жараткан. 1910-ж. өзү да бир аз убакыт бала окуткан. М. К. өзү жашаган учурдагы коомдун зирек инсаны, билимдүүсү, карапайым элдин мүдөөлөшү болгон. Эл кыдырып аш-тойлордо ырдаган эмес. Чыгармаларында элди эмгекке үндөп, паракорлор менен зулумдарды жектеп, орус падышачылыгынын эзүүчүлүк саясатына каршы турат. Анын «Кыз-жигит», «Балбан», «Алдамчы», «Колказал», «Керметоо», «Жиндисуу», «Чүйбаяны», «Канаттуу», «Бүркүттүн тою», «Буудайык», «Зар заман», «Зилзала», «Көбөй Султан» ж. б. казалдары бар. М. Комитетын замандаштарынын айтуусуна караганда, ал «Чүй баянын» жазгандан кийин гана акын аталып, эл оозуна кире баштаган. «Кыз-жигит» чыгармаларынын алгачкысы болуу керек. Анткени, автордун көркөмдүк чеберчилик жагынан такшала электиги байкалат. 0. эле бул казал элдик фольклор стилинде жазгандыктан, акындын чыгармачылык жүзү анча байкалбайт. «Чүй баяны» аталган Токмок ш. жана Чүй өрөөнүнүн жаратылыш байлыктары жөнүндөгү казалын Кочкордон биринчи жолу Чүйгө келип, Токмок ш-н көргөндөн кийин 80-жылдардын акырында жазган болуу керек. «Чүй баянынын» адабий мааниси менен катар тарыхый мааниси зор. Мында кыргыз жерине шаар түшүп, кыргыз элине жаңы тиричилик мамилеси кире баштагандыгы айтылатынча Ошондуктан, «Чүй баянын» тарыхый-социалдык поэма десе болот. 1911-жылкы жер силкинүүдөн кийин жазган «Зилзаласында» ал 1916-ж. козголоң болорун болжойт (Беш-алты жыл ичинде,/Бир алаамат башталар.). «Канаттуулар» менен «Бүркүттүн тоюнда» канаттуулар сүрөттөлгөнү менен анда социалдык турмушу да чагылдырылат. Куштардын мамилесинен коомчулуктун, кишилердин мамилеси көрүнөт. Баатыр куштарга жору, кузгун, кажырларга окшогон арам тамак залимдерди карама-каршы коёт. Карга, сагызгандарды коркок, кошоматчы, сугалак шылуун катары көрсөтөт. Кекилик, чил, бөдөнө, өрдөк, безбелдектерге окшогон канаттуулар көрүнгөнгө жем болгон момундар сыпатында жазылган. Тоту, булбул, торгойлор болсо - калың кара куштардын ичиндеги көркөм - гөзөлдөр, шайыр - чечендер, сопу - эшендер катары сыпатталат. «Зар заман» - М. Комитетын эң ири чыгармасы. «Зар заман» санат түрүндө жазылган. Анда ырааттуу өнүктүрүлгөн сюжет, тема жок. М. К. эң абалы падыша өкмөтүнүн колониялык саясатын, жергиликтүү бий-болуштардын адилетсиз сурагын, эзилген элдин кыйналган абалын сыпаттайт. Кийин ага улам жаңы материалдар кошулуп, идеялык-тематикалык жактан көп тармактуу болуп кеткен. 1911-ж. жер титирөөнүн негизинде «Кысса и зилзала» деген чыгармасын жазган. Ал 1911-ж. Казандан басылып чыккан. Бул - кыргыз адабиятынын тарыхындагы басмадан чыккан эң алгачкы китеп. Кийин 1925-ж. «Тамсилдер» деген ат менен Москвадан 2-китеби чыгып, ага «Канаттуулар», «Буудайыктын тою» («Вүркүттүн тою» деп да аталат), «Буудайык» деген казалдары кирет. «Канаттуулар» деген казалдары 1946-жылы Туулган Саманчиндин түзүүсүндө «Иргелген казалдары», «Казалдар» (1991), «Буудайыктын тою» (1993) деген китептери жарык көргөн. Ысмы Кочкор р-нундагы айылга берилген.