МОЛДО БАГЫШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу [1886, азыркы Жалал-Абад обл., Аксы жергеси, Ой-Алма де­ген жер - 1937, Аксы, Авлетим айылы)] - төкмө жана жазгыч акын. Ата-энесинин эрте ажырап, жетим өскөн. 12ге чыкканча эчки, кой кайта­рып чоңойгон. Наманган облусундагы Шоркен­де кожолордон алты жыл окуган. Мечит, мед­реселерде мугалимдик кылган. 1931-ж. жалган жалаа менен камалып, он ай түрмөдө жатып, кийин Сибирге (Карагандыга) сүргүнгө айдалган. 1937-ж. сүргүндөн келип каза болгон. Акындын абакка түшкөнгө чейинки ырлары эл оозунан жыйналып, топтолгон. «Өткөн күндөр», «Мол­докеңдин зарлаганы», «Жарынын келиши», «Молдо Багыш түрмөдөгү жолдоштору менен коштошкону», «Түрмөдөгү арман-казал», «Мол­до Багыштын насыяты» ж. б. ырларында түр­мөнүн ички турмушу, ошондой эле адилетсиздикти аш­керелөө, чындыктын түбүнө жетүү аракеттери айтылган. М. Б-тын түрмөгө чейинки ырлары­нын ичинде «Бузулду гой заманың», «Калкың­дан кетти адаалат» аттуу чыгармаларында Со­вет бийлигинин алгачкы жылдарындагы пси­хол.-адеп-ахлактык алмашуулар, шарияттын бузулушу ж. б. ашкереленген. Акындын «Мол­до Багыш санаты», «Молдокеңдин аңгемеси», «Кедейлерге насият», «Балдарга менин санатым» сыяктуу дидактикалык мүнөздөгү чыгармала­ры анын талантын, ырчылык кудуретин көр­сөтөт. 1998-ж. «Абак дептери» жарыкка чыккан.