МОЛДАВАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЛДАВАНДАР (өздөрүн молдовень деп аташат) - улут, Молдавиянын негизги калкы. Саны 2,7 миллион киши, анын ичинде Молдавияда 177,4 миң (2004). Ошондой эле Украинада (258,6 миң), Россияда (156,4 миң), Казакстанда (19,4 миң), Италияда (90 миң иммигрант) да жашашат. Молдаван, орус жана украин

тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - православныйлар. М-дын ата­теги Дакиянын жергиликтүү байыркы калкы - фра­кия урууларынан чыккан. 14-к-да молдаван эли, 20-к-дын башында өз ал­дынча молдаван улуту ка­лыптанган. Негизги кеси­би - мал чарбачылык, дыйканчылык, жүзүм өс­түрүү жана бакчачылык. Молдавиянын борбордук жана түштүк аймактарында ба­йыркы молдаван турак жай өзгөчөлүктөрү (үйдүн түбүнө айландыра төгүл­гөн топурак жана үйдүн мандай жагындагы узун балкон) сакталып кал­ган. Улуттук кийими - эркектер ак көйнөк, ыштан, жеңсиз желет (мех бастырылган), ба­шына кой терисинен тигилген тумак (кышын­да), чий калпак (жайкысын), аялдар саймалан­ган ак көйнөк, жүндөн токулган юбка, сүлгү сымал баш кийим же жоолук салынып, бутта­рына булгаары өтүк кийишкен. Тамак-ашы - негизинен дан, эт, сүт азыктары.