МОДУЛЬ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОДУЛЬ (латынча modulus - чен) т е х н и к ад а - 1) кандайдыр бир негизги коэфф-тин же чоңдуктун аталышы (мисалы, тиштүү бириктиргич модулу, серпилгич модулу, комплекстүү сан модулу); 2) курулуштагы же архитектурадагы шарттуу бирдик. Ал имарат же комплекс бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн координациялоодо колдонулат; 3) ар кандай техникалык түзүлүштөрдө (татаал түзүлүштүн бөлүгү) өзүнчө иш аткаруучу жана деталдардын өз ара бири бирин алмаштыруучу комплекстерди бириктирүүчү түйүн; 4) космос кемесинин курамдык бөлүгү (мисалы, «Аполон» кемесинин негизги же орбитадагы, же Айдагы бөлүгү); 5)математикада негизи а болгон логарифм системасынан негизи Ь болгон логарифм системасына өтүү М-у М = 1/logа Ь саны; негизи Ь болгон х санынын логарифмасын алуу үчүн (негизи а болгон логарифм санынын сандары белгилүү болсо) акыркы санды өтүү М-уна көбөйтүү керек: logьх = М logьх; 6) компьютер системасынын техникалык жабдылышынын курамындагы блогуна бириктирилген, башка түзүлүштөр менен байланышуу мүмкүнчүлүгү бар функционалдык бөлүгү. Системанын кызмат аткаруусун жеңилдетет.