МОДЕРН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОДЕРН (фр. moderne - жаңы, учурдагы) м о­дерн стили - 19-к-дын аягы - 20-к-дын башындагы Европа менен Америка искусствосундагы стилдик багыт. Бул стиль Бельгия, Улуу Бри­тания, АКШда жаңы искусство, Германияда Югенд­стиль, Италияда либерти стили, Испанияда модернизм деген ат менен белгилүү. «Жаңы көркөм искусство» М-дин өнүгүүсүндө анын идеялык­философиялык кыртышын неоромантизм түзгөн жана ал жаңы этапта индивид менен коомдун ортосунда­гы конфликттин романтикалык идеяларын, көркөм искусство чыгармаларын жаратууда визио­нердик менен чыгармачыл көрө билүүнүн алдын­кы ролун, сүрөтчү-демиургдун дүйнө куруу мис­сиясын жандандырган. М. эстетикасы симво­лизм менен эстетизм идеяларын, Ф. Ницшенин турмуш философиясын уланткан. Искусстводогу көркөм жана утилитардык башталыштарды жа­кындаштырууга, жаңы эстетикалык мазмунда­гы конструкциячыл системаны иштеп чыгаруу­га умтулган. Стилдик жактан ырааттуу иште­лип, доорду, тышкы материалдык чөйрөнү элестүү туюнтууну көздөгөн жаңы көркөм фор­маны алдына койгон. Көркөм өнөр синтезинин идеясы М-дин кайталангыс айкын эстетикасы­нын пайда болушуна шарт түзгөн. Синтездин негизин живопись менен театр кийиминин моде­лине чейин бүт көркөм искусство түрлөрүн бирик­тирген архитектура түзгөн. М. архитектурасы каркастык конструкцияны, темир-бетон, айнек, сомдолгон темйр, таш ж. б. материалдарды кеңири пайда­лануу, симметриялуулукка каршы чыгуу аркы­луу өзүнчө касиетке ээ образдык бирдиктүүлүккө жетишүү сыяктуу өзгөчөлүктөр менен айырма­ланган. Көркөм искусство синтезинин бирдиктүү үлгүлөрүнө М. доорундагы Бельгия, Австрия, Испания, Германия, Шотландия, Россиядагы (Ф. О. Шехтель, Чарлз Макинтош, Антонио Гау­ди, Отто Вагнер, Виктор Орта ж. б.) коомдук имараттар кирет. Эреже катары, алар «ичинен сыртын көздөй» курулган. Мындай үйлөрдүн фасады симметриялуу болгон эмес жана тирүү организм сымал өзгөрүп туруучу түзүлүштөргө окшош болуп, бир эле учурда бедизчинин таби­гый формалар менен эркин форма түзүүчү чыг-лы­гынын жыйынтыгын элестеткен. Кол менен жа­салган форманын табигый формага окшоштугу М. эстетикасынын эң негизги принциптеринин бири болгон. М. стилинин негизги элементи - орнамент, ошондой эле станоктук жана жасалга-кол­донмо түрлөрү. Укмуштай өнүгүүгө ээ болгон арх­ралык формада, имараттын деталдарында, орна­ментте жакшы чагылдырылган жана ал жакта архитектуралык форманын ийри сызыктуу турпаты­нын, паркет сүрөтүнүн дубал панносу, эмерек предметтери менен фантастикалык ар түрдүү зер­гердик жасалгалар композициясы жана колдон­мо көркөм өнөрдүн башка буюмдарынын бай­ланышы пайда болгон. М. живописи үчүн тегиз­дик, бүтүн орнаменттүлүк менен чыгарманын жер­дигине киргизилген иллюзионисттик жана нату­ралисттик деталдардын айкалышы мүнөздүү. М-дин көркөм тили көпчүлүк учурда символизм образдары менен идеаларын чагылдырган. Көркөм сүрөт искусствосунда «М.» англ. О. Бёрдсли, немис Т. Т. Хейне, Россиядан А. Н. Бенуа, К. А. Со­мов ж. б-дын чыгармачылыгында ачык байкалып, сим­волизмдин эстетикасын өөрчүтүу, ашкере жасал­галуулукка умтулуу мүнөздүү сапат болуп кал­ган. Ошол себептүү «М.» стилинин өкүлдөрү кай­гылуу турмуш окуяларына, эротикага, өлүм про­блемасына, легендаларга көбүрөөк кайрылыш­кан. Жасалга-колдонмо көркөм искусстводо жан­дуу менен жансыздын, чындык менен фантазиянын жакындашуусу жана аналогиялар өзгөчө ачык байкалган (Испаниядан Антонио Гаудинин кара­пасы, Америкадан Луис Комфорт Тиффанинин жана Франциядан Эмиль Галленин айнеги, па­риждик мэтр Эктор Гимардын металл тосмо­лору, Россиядагы «Фаберже» фирмасынын буюмдары). Форма жана жасалга тармагында М. жаңылыктары менен идеяларын Россияга «Ис­кусство дүйнөсү» (1899-1904), «Алтын руно» (1904-09) журналдары жайылткан.

Ад.: Горюнов В. С„ Тубли М. П. Архитектура эпохи модерна. СПб., 1994; Сарабяное Д. В. Модерн. История стиля. М., 2001.