МУССОЛИНИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |

| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||

МУССОЛЙНИ Бенито Амилькаре Андреа (29. 7. 1883, Форли провинциясы, Довиа кыш. - 28. 4. 1945, Донгого жакын жер) - 1922-43-ж. итал. фашисттик диктатор. 20-к-дын башталышында Швейцарияда жашап, жумушчу .болуп иштеген. Социалисттик партиянын мүчөсү болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин журналист, окутуучу жана оратор катары белгилүү болуп, «Аванти» социалисттик гезитинин башкы редакторлугуна дайындалган (1912). 1-дүйнөлүк согуш башталганда Италия Антанта уюмуна кириш керек деген агитация жүргүзгөндүгү үчүн социалисттик партиядан (ИСП) чыгарылган. Ошол эле жылы «Пополо д’Италия» гезитин негиздеген. 1919-ж. мартта «фашио ди компатименто» фашисттик уюмун түзгөн. 1922-ж. 2-октябрда М. Италия парламентинен

бийликти тартып алып, дүйнөдө биринчилерден болуп фашисттик бийликти орноткон. 1926-ж. М- |
МУССОЛЙНИ Бенито Амилькаре Андреа (29. 7. 1883, Форли провинциясы, Довиа кыш. - 28. 4. 1945, Донгого жакын жер) - 1922-43-ж. итал. фашисттик диктатор. 20-к-дын башталышында Швейцарияда жашап, жумушчу .болуп иштеген. Социалисттик партиянын мүчөсү болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин журналист, окутуучу жана оратор катары белгилүү болуп, «Аванти» социалисттик гезитинин башкы редакторлугуна дайындалган (1912). 1-дүйнөлүк согуш башталганда Италия Антанта уюмуна кириш керек деген агитация жүргүзгөндүгү үчүн социалисттик партиядан (ИСП) чыгарылган. Ошол эле жылы «Пополо д’Италия» гезитин негиздеген. 1919-ж. мартта «фашио ди компатименто» фашисттик уюмун түзгөн. 1922-ж. 2-октябрда М. Италия парламентинен

бийликти тартып алып, дүйнөдө биринчилерден болуп фашисттик бийликти орноткон. 1926-ж. М-нин өкмөтү өлкөдө фашисттик террор тартибин киргизип, агрессиячыл саясат жүргүзгөн. 1933-ж. Гитлер бийликке келгенден кийин, аны менен саясий жана согуштук союз түзгөн жана Эфиопияны (1936) басып алган. М-нин демилгеси менен 1937-ж. Үчтүктөр союзу (Италия, Германия, Япония) түзүлгөн. 1938-ж. сентябрдагы Мюнхен макулдашуусун (1938) уюштуруучулардын бири. Италия 2-дүйнөлүк согушта Германия тарапта катышкан. Согушта[[File:МУССОЛЙНИ_1.jpg|thumb]] немистик-фашисттик жана итал. аскерлердин жеңилишинен, ошондой эле Италияда фашизмге каршы кыймылдын күч алышынан улам М-нин диктатурасы кыйраган (1943-ж. 25-июль). 1945-ж. итал. партизандар колго түшүрүп, Түндүк Италиянын Улуттук-боштондук комитетинин аскер трибуналынын өкүмү боюнча өлүм жазасына тартылган.

Ад.: Белоусов Л. С. Муссолини: диктатура и демагогия. М., 1993; Мэк Смит Д. Муссолини. М., Нью-Йорк, 1995; Хибберт К. Б. Муссолини. М., 1996.

[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
6 ноябрь 2026, саат 10:57 учурдагы соңку нуска
МУССОЛЙНИ Бенито Амилькаре Андреа (29. 7. 1883, Форли провинциясы, Довиа кыш. - 28. 4. 1945, Донгого жакын жер) - 1922-43-ж. итал. фашисттик диктатор. 20-к-дын башталышында Швейцарияда жашап, жумушчу .болуп иштеген. Социалисттик партиянын мүчөсү болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин журналист, окутуучу жана оратор катары белгилүү болуп, «Аванти» социалисттик гезитинин башкы редакторлугуна дайындалган (1912). 1-дүйнөлүк согуш башталганда Италия Антанта уюмуна кириш керек деген агитация жүргүзгөндүгү үчүн социалисттик партиядан (ИСП) чыгарылган. Ошол эле жылы «Пополо д’Италия» гезитин негиздеген. 1919-ж. мартта «фашио ди компатименто» фашисттик уюмун түзгөн. 1922-ж. 2-октябрда М. Италия парламентинен
бийликти тартып алып, дүйнөдө биринчилерден болуп фашисттик бийликти орноткон. 1926-ж. М-нин өкмөтү өлкөдө фашисттик террор тартибин киргизип, агрессиячыл саясат жүргүзгөн. 1933-ж. Гитлер бийликке келгенден кийин, аны менен саясий жана согуштук союз түзгөн жана Эфиопияны (1936) басып алган. М-нин демилгеси менен 1937-ж. Үчтүктөр союзу (Италия, Германия, Япония) түзүлгөн. 1938-ж. сентябрдагы Мюнхен макулдашуусун (1938) уюштуруучулардын бири. Италия 2-дүйнөлүк согушта Германия тарапта катышкан. Согушта

немистик-фашисттик жана итал. аскерлердин жеңилишинен, ошондой эле Италияда фашизмге каршы кыймылдын күч алышынан улам М-нин диктатурасы кыйраган (1943-ж. 25-июль). 1945-ж. итал. партизандар колго түшүрүп, Түндүк Италиянын Улуттук-боштондук комитетинин аскер трибуналынын өкүмү боюнча өлүм жазасына тартылган.