МУСАКЕЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУСАКЕЕВ Темирбек (24. 0. 1950-жылы туулган, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Өзгөрүш айылы) - кино сү­рөтчүсү, живописчи, график. 1985-жылдан СССР

жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун, 1986- жылдан СССР жана Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРдин маданиятына эмг. сиң. ишмер (2007), КРдин Токто­гул атындагы мамл сыйл. лауреа­ты (2011), проф. (2012). 1971-ж. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын, 1977-ж. Москвадагы Бүткүл союздук Мамлекеттик кинематография ин­тунун (ВГИК) мультипли­кациялык көркөм фильмдер факультетин бүтүргөн. 1977-92-ж. «Кыргызфильм» ки­ностудиясында анимациялык жана көркөм фильмдерди коюучу, 1993-жылдан КМКТАУда жана Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт ака­демиясында окутуучу. М. - кино сүрөтчүсү ката­ры «Кыргызфильмде» көптөгөн мультиплика­циялык фильмдерди жаратууга катышкан. Бал­дар китептерин жасалгалаган. М-дин фильм, ки­теп жана картина түрүндөгү 500дөн ашык чыгар­масы бар. Живопистик жана графикалык чыгар­малары менен көптөгөн көргөзмөлөргө катышкан. «Кыргыз элинин улуттук кийимдери» альбому Италияда, Түркияда чыккан. Ошондой эле бул альбом Бүткүл союздук эл аралык көргөзмөдө чет эл­дик көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан.