МУРДАШ СЫМАП КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУРДАШ СЫМАП КЕНИ Ош обл-нун Алай р-нунда. Гүлчө кыш-нан 20 км түндүк тарапта, Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө жай­гашкан. Кен 1956-ж. табылган. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде пайда болгон түрдүү түстөгү акиташ теги, сланецтер жана эффузия тоо тектери түзөт. Кен акиташ теги менен сланецтер­дин контактындагы тектоникалык майда жаракалар­да, кальциттешкен жана талкаланган зоналарда жатат. Алардын уз. 260 м, туурасы 30-40 лгге жетет. Кенташ чачыранды, сепкил, линза, уяча, тарамча түрүндө. Негизги минералы - киноваръ. Кен герцин бүктөлүүсүндөгү металлогендүү доордо гидротерм жолу менен пайда болгон.