МУЗ КАПТОО ДООРЛОРУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗ КАПТОО ДООРЛОРУ - Жердин геол. тарыхындагы климат өтө суук болуп, материктик муздар уюл кеңдиктерин гана эмес мелүүн кеңдиктерди да каптаган мезгилдер. Муз каптоолор протерозой заманынын башталышында Түндүк Америка; рифейдин аяк ченинде Австралия, Африка; карбондун акыры менен пермдин башында Гондвана материгинде жүргөн.
Антропоген мезгилинде Евразия, Түндүк Америка муздун алдында калган. Антарктидада муз азыркыдан 300 м калың болгон. Кургактыктын 30% ин муз каптаган. Ал Скандинавия ж. а-нан баштап орус түздүгүнө, андан ары Днепр менен Дондун өрөөндөрүнө, Днепропетровск менен Харьковдун талааларына жеткен. Чыгыш тарапта Жаңы-Жер а-нан башталып, Обь суусун муз бөгөп, суу Торгой аркылуу Арал деңизине куйган. Германия, Польша, Улуу Британия, Памир, Теңир-Тоо, Алтай, Кавказ тоолору музмөңгүлөрдүн астында калган. Эң акыркы, 4- жолку Валдай М. к. д. мындан 10-11 миң жыл мурда жүргөн. Муз эрип кеткенден кийин сүрүлүп жылмаланган, чиймеленген жумуру кой таштар, узатасынан созулуп жаткан жалдар, быткылдуу кокту-колоттор, «кой маңдай таштар», «тармал аскалар» калган. Антропоген мезгилиндеги муз каптоолор так, толук изилденип, муз каптоо теориясы иштелип чыккан.