МӨӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МӨӨР - 1) о. кылымдан Октябрь революциясына (1917) чейин бийлик тепкичинде турган 0. Азиядагы хан, бек, казы ж. б. бийлер өз буйругун (өкүм, чечим) аныктоо үчүн пайдаланган атайын өздүк белги. Кыргызда көбүнчө манапбий, болуш жана молдолор колдонгон. Мисалы, Байтик, Жантай, Ормон хан, Шабдан ж. б. өкүмдарлардын өздүк М-ү болгон. М. коло, алтын, күмүш сыяктуу баалуу металлдардан ар түрдүү формада (тегерек, ромб ж. б.) жасалып, бетине ээсинин аты жана ар кандай ураан, кээ бирде аяттан алынган сөздөр түшүрүлгөн; 2) мамлекеттердин бийлик органдарынын буйрук-чечимдерин тастыктоо, ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгүн аныктоо үчүн колдонулуучу белги. СССРдин тушунда М. (печать) милдеттүү түрдө бирдей мамлекеттик формада (тегерек) жасалып, орто ченинде өлкөнүн гербй, айланасында өлкөнүн аталышы түшүрүлгөн жана жеке адамдардын атынан пайдаланууга уруксат берилген эмес. Азыркы учурда мамлекеттик органдардан тышкары жеке ишкана, менчик фирмалардын да М-ү болушу милдеттендирилген.