МОСКВА КОНСЕРВАТОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОСКВА КОНСЕРВАТОРИЯСЫ мамлекеттик П. И. Чайковский атындагы - ири музыкалык жог. окуу жайлардын бири, музыкалык билим берүүнүн илимий-методикалык борбору. 1866-ж. Н. Г. Рубинштейндин демилгеси менен Орус музыкалык коому уюштурган. Көрүнүктүү ишмерлер: П. И. Чайковский, С. И. Танеев (композиция жана музыка теориясы), В. И. Сафонов (фортепиано), Ф. Лауб (скрипка), Ф. Ф. Фитценгаген (виолончель), А. Д. Александрова-Кочетова (вокал) ж. б. сабак өтүшкөн. С. Рахманинов, А. Скрябин, Р. Глиэр, А. Хачатурян, Т. Хренников ж. б. ушул консерваториядан окушкан. М. к-нда теория-композитордук, фортепианолук,
оркестрлик, вокалдык, билим өркүндөтүү (1972-жылдан), аскер-дирижёрлук (1960-жылдан) факультеттери, чет өлкөлүк студенттер, аспиранттар жана стажёрлор үчүн атайын тайпа бар. 30-50-жылдары М. к-нда улуттук музыкалык студия (кыргыз, казак, башкырт, татар, түркмөн, өзбек ж. б.) иштеген. Андан СССР эл арт. А. Малдыбаев, С. Кийизбаева, К. Сартбаева, Кыргыз ССР эл арт. Н. Давлесов, Э. Касымов, Э. Молдокулова, А. Тентимишов, X. Мухтаров ж. б. окуган. М. к-на 1940-ж. П. И. Чайковскийдин ысмы ыйгарылган. Эки Ленин ордени менен (1946, 1966) сыйланган.
Дц.: Московская консерватория от истоков до наших дней, 1866-2006: биографический энцикдопедический словарь. М„ 2007.