МОРЕНА РЕЛЬЕФИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРЕНА РЕЛЬЕФИ - мөңгүнүн аракетинен пайда болгон аккумуляциялык рельеф. Түздүктөрдө моренадан пайда болгон дөңсөө-чуңкурдуу рельеф, жал сымал же өңгүл-дөңгүлдүү морена түздүктөрү, дөбөлүү аяккы мореналуу кырлар, друмлин (узатасынан кеткен анча бийик эмес дөбөлөр) болот. Плейстоцен муз каптоосуна дуушар болгон тоо өрөөндөрүндө М. р., адатта, жээк мореналарынын ар түрдүү формаларынан, аяккы мореналардын кырларынан жана дөңсөөлүү М. р-нен турат.