МОРЕНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОРЕНА - мөңгү жылганда аны менен кошо шиленип же мөңгүлөр эрип кеткенден кийин ордунда калган талкаланган кесек тектердин иргелбеген чогундусу. Курамы: кумдуу чопо, кум, мөңгү жылмалаган шагыл жана кой таштардан турат. Пайда болуу шартына жараша эки түргө ажыратылат: 1)аракеттеги М-да талкаланган жана кулап түшкөн тектер мөңгүнүн үстүнөн, арасынан, түбүнөн орун алып, өз ара үстүнкү, ички (арасындагы), түпкү М. депата- латынча Үстүнкү М. мөңгүнүн так ортосу менен эки четинен (жээгинен) орун алат. Ички М-лар кар көчкүлөрү менен кошо кулап келген кесек тектердин тоңуп калышынан пайда болот. Буга үстүнкү жана түпкү М-лар да кошулат. Түпкү М-лар болсо, мөңгү шилеп келген шилендилер болуп эсептелет; 2) ч ө к м ө М. - мөңгү эрип кеткенден кийин анын ордунда чөгүп калган талкаланды тектер. Аракеттеги М-лардан келип чыгат. Мындай М-лар антропоген мезгилинде материктерди каптаган муздардын толук эрип кеткен аймактарында орун алып, алар негизги М-лар болуп саналат.