МООС ШКАЛАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МООС ШКАЛАСЫ, минералдардын ка- ТУУЛУК шкаласы­минералдардын салыштырмалуу катуулугун аныктоо үчүн ка­был алынган шкала. Немис окумуштуусу Ф. Моос 1811-ж. сунуш кылган. Ал катуулук­тары ар түрдүү 10 минералдан турат: тальк - катуулугу 1ге барабар, гипс - 2, кальцит - 3, флюорит - 4, апатит - 5, ортоклаз - 6, кварц - 7, топаз - 8, корунд - 9, алмаз - 10. Эң жумша­гы тальк, өтө катуусу алмаз. Минералдардын катуулуктарын аныктоо үчүн алар эталон ми­нералдар менен чиймеленет. Жумшак болсо, чи­йилет, катуусу чийилбейт. Катуулугу бирдей болсо, бири-бирин чие албайт.