МОНУМЕНТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОНУМЕНТ (латынча шопео - эске салам деген­ден) - ири тарыхый окуяларды, эң көрүнүктүү инсандардын атын түбөлүк калтыруу үчүн коюл­ган ири көлөмдөгү скульптуралык жана архитектура­лык эстелик. Көп учурда М. чоң скульптуралык­архитектуралык ансамбль түрүндө курулат (мисалы, Бер­линдеги «Советтик Армиянын жоокерине эсте­лик», Е. В. Вучетич; Бишкектеги «Революция каармандарына» эстелиги, Т. Садыков).