МОНТЕСКЬЁ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОНТЕСКЬЁ Шарль Луи (Моп1езцшеп; 18. 1. 1689, Бордого жакын Ла-Бред замогу - 10. 2. 1755, Париж) - фр. философ, жазуучу, Агартуу агымынын ири өкүлү, бийликтин тең салмак­тагы үч бутакка (аткаруу, мыйзам чыгаруу жана көз каранды эмес сот) бөлүнүшүн жактоочулар­дын бири. Париж ш-на жакын Жюйи колле­жинде, кийин Бордо университетинде окуп, адвокат болгон (1708). Бордо парламентинде (жогорку сот органы) кеңешчи (1713), анын төрагасынын орун басары болуп иштеген (1716-26). Анын «Персиядан кат» («Ьез БеНгез регзапез») сати­ралык романын (1721) коомчулук жылуу кабыл алган жана Франция академиясынын мүчөлүгүнө шайланган (1728). Ошол эле жылдары Австрия, Италия, Голландия жана герман княздыктары­на саякаттап, бийлик институттарынын системасы менен таанышкан жана бир жарым жылдай Ан­глияда жашаган. Бул жерден бир нече жолу мыйзам чыгаруучу бийликтин төмөнкү палата­сынын сессиясына катышып, парламентте оп­позициялык партиялардын өкмөт жүргүзгөн саясатты ачык сындаганын көргөн. Мындай көрүнүш абсолюттук монархиянын тушунда Франция­да мүмкүн эмес болчу, ошондуктан М. кайтып келгенден кийин мыйзам чыгаруу ж. б. социал­дык институттарды өнүктүрүүнүн теориясын түзүүгө киришкен. Натыйжада 1748-ж. ал «Римдиктер­дин гүлдөшү жана кыйрашынын себеби жөнүндө ой толгоолор» жана «Мыйзамдардын маңызы жөнүндө» деген эмгектерин жазып бүтүргөн. Анын бийликтин тең салмактуулугу жөнүндөгү принциптери практика жүзүндө биринчи жолу Ж. Мэдисон түзгөн АКШнын Конституциясы ар­кылуу ишке ашкан.