МОНРЕАЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНРЕАЛЬ - Канаданын чыгышындагы шаар. Квебек провинциясында. Ыйык Лаврентий д-нын боюнда, Мон-Руаяль жашыл дөңсөөсүндө жайгашкан. Калкы 3,4 миллион (2010). Чоңдугу боюнча Канададагы 2-шаар. Эки эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Негизинен дан эгиндерди сыртка чыгаруучу ири деңиз порту (жылына 24 миллион гжүк ташылат). Өлкөнүн ири ө. ж. жана соода-финансы борбору. Канадада иштелип
чыгарылган ө. ж. продукциясынын '/Зине жакынын берет. Машинакуруу (локомотив, самолёт), химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш, текстиль жана түстүү металлургия ө. ж. ишканалары иштейт. Үч университет, асем-искусство музейи, Рамзе ак сарайы (1705-24), Бонсекур чиркөөсү (17- 18-к.), семинария (17-к.), соода жана маданий борборлор (1960) сакталган. 1642-ж. индейлердин Хочелага тургун жайынын ордуна негизделген. 1967-ж. Бүткүл дүйнөлүк «Экспо-67» көргөзмөсү жана 1976-ж. жайында XXI олимпиялык оюндар өткөрүлгөн.
