МОНИЕЗИОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОНИЕЗИОЗ (Моп1ег1оз1з), т ү й н ө к - кепшөөчү малдын (уй, кой, эчки, төө ж. б.) инвазиялуу ылаңы. Ылаңды тасма мите курттар - Мошейа ехрапза (уз. 1-5 м) жана Мошехха
Ъепебеш (уз. 1-4 м) пайда кылат. Булар ичегинин ички бетине жабышып алып, мителик кылышат. Бир эле куртта аталык жана энелик урук бездери болот. Ылаң М. таратуучу гельминт жумурткалары бар кенелерди мал чөп-чар менен кошо жеп алганда пайда болот. Айрыкча жаш козулар көп ылаңдайт. Кыргыздар бул ылаңды т ү йн ө к деп аташат. Ылаңдаган мал чычкактайт, жакшы оттобойт, арыктай баштайт, ичи көбөт, дене-бою тырышып, баса албайт. Дарылоо: малдын жашына жараша көк таштын суудагы 1%түү эритиндисин (1-1,5 айлык козуларга 15- 20 мл, 5-6 айлык козуларга 40-45 мл жана чоң койлорго 80-100 мл) берүү, ошондой эле фенесал жана мышьяктын калай кычкылы кеңири колдонулат.