МОМБЕКОВ (кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОМБЕКОВ (1985-ж. чейин К ы л а) - Жалал­Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Ю. Мом­беков атындагы айыл аймагынын борбору. Деңиз деңгээлинен 610 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыш-нан 20 км батыш тарапта. Тентек­Сай т. ж. бекетинен 20 км. Калкы 3510 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыка­на, маданият үйү, почта байланыш бөлүмү бар. Тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануучу жайлар, чайкана, 4 тегирмен, кийим тигүү цехи, 2 май жуаз иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эс­телик тургузулган. Кыштак Социалисттик Эмгектин Баатыры Ю. Момбековдун ысмынан аталган. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Э. Жусупов туулган.