МОЛЕКУЛАЛЫК МАССА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МОЛЕКУЛАЛЫК МАССА - молекуланын ку­рамына кирген атомдордун массаларынын сум­масы. М. м. жөнүндөгү түшүнүк газ же буу абалын­дагы заттар үчүн гана эмес, катуу заттар жана бир нече заттын аралашмасы үчүн дагы колдо­нулат. Кээде курамы белгилүү, ар кандай зат­тардын аралашмасынын М. м-сын да аныктоо­го болот. Мисалы, азот, кычкылтек ж. б. газдар­дын белгилүү катыштагы аралашмасынан тур­ган абанын М. м-сы орто эсеп менен 29 деп кабыл алынган. М. м. - заттардын манилүү мүнөздөмө­лөрүнүн бири. Ал ар түрдүү заттар үчүн ар баш­ка мааниге ээ. Жөнөкөй молекулалардын (Cl2, Н2, F2 ж. б.) М. м-сы кичине өлчөмдө болсо, белоктор, нуклеин кислоталары, клетчатка, крахмал сыяктуу био­жана табигый бирикме­лердики млнго, млрдга жетет. Газ абалындагы заттардын М. м-сын аныктоодо Авогадро зако­ну колдонулат. Кадимки шартта бир моль газ 22,4 л көлөмгө ээ. Газдын тыгыздыгын анык­тап, моль саны аркылуу М. м-сын эсептеп чы­гарат. Эритмедеги заттардын М. м-сын аныктоо­до эбуллиоскопия жана криоскопия методдору колдонулат. Ири молекулалык массалуу бирикмелер үчүн М. м. анын физикалык касиетин көрсөтүүчү негизги мүнөздөмө. Полимердин М. м-сын билүү макро­молекулалардын узундугу, мономерлердин орт. саны, полимерлешүү даражасы ж. б. жөнүндөгү түшүнүктү берет. М. м. химиялык, физикалык жана химиялык-тех­нол. эсептөөлөрдө колдонулат.