МОЛЕКУЛА ГЕНЕТИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛЕКУЛА ГЕНЕТИКАСЫ - генетикалык информациянын сакталышын, укумдан-тукумга берилишин жана өзгөрүшүн субклеткалык, молекулалык деңгээлде изилдөө аркылуу тирүү жандыктардын тукум куугучтугунун жана өзгөргучтугунун материалдык негизин изилдөөчү илим; генетика менен молекула биологиясынын тармагы. М. г. өз алдынча илим катары 20-к-дын 40-жылдарынан өнүгө баштаган. Буга биологияда жаңы физикалык жана химиялык методдордун колдонулушу себеп болгон. М. г-нын тез өнүгүшүнө көбүнчө жөнөкөй түзүлүштүү организмдерди (мисалы, бактериялар, вирустар) генетикалык изилдөөлөр чоң роль ойногон. Классикалык генетика организмдердин тукум куугучтук касиеттерин (генетикалык информацияны) негизинен хромосомаларда жайгашкан гендер аныктай тургандыгын далилдеген, бирок гендин химиялык негизин ача алган эмес. 1944-ж. америкалык окумуштуу О. Т. Эйвери тукум куугучтук белгилер дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) аркылуу берилерин көрсөттү. Ошентип, ген ДНКдан, кээ бир ДНКсы жок вирустарда рибонуклеин кислотасы - РНКдан турары далилденген. 1953-ж. америкалык илимпоз Ж. Уотсон жана англ. илимпоз Ф. Крик ДНК молекуласынын түзүлүш моделин сунуш кылышкан. Бул модель боюнча ДНК молекуласы спираль түрүндө имерилип жанаша жайгашкан эки жипчеден, ар бир жипче, 4 түрдүү нуклеотиддерден турат. М. г. гендин өз алдынча өзгөрүүгө жөндөмдүү бөлүкчөлөрдөн турарын, генетикалык информациянын генде кандай «жазыларын», сакталарын жана ишке ашырылышын негизинен аныктады. Генетикалык код жөнүндө түшүнүк пайда болду. Генетикалык коддун чечилиши менен белоктун биосинтезинин сыры (механизми) ачылды. М. г. мутацияга, башкача айтканда генетикалык информациянын өзгөрүшүнө болгон түшүнүктү тереңдетти, генетикалык биологиядагы көп процесстерди терең түшүнүүгө жардам берип, биол. илимдердин өнүгүшүнө оң таасир тийгизди. М. г-нын жетишкендиктери а. ч-да, медицинада колдонула баштады.
Ад.: Уотсон Дж. Молекулярная биология гена. М., 1978; Стент Г„ Келиндор Р. Молекулярная генетика. 2-е изд. М., 1981.