МОЛДО БАГЫШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу [1886, азыркы Жалал-Абад обл., Аксы жергеси, Ой-Алма деген жер - 1937, Аксы, Авлетим айылы)] - төкмө жана жазгыч акын. Ата-энесинин эрте ажырап, жетим өскөн. 12ге чыкканча эчки, кой кайтарып чоңойгон. Наманган облусундагы Шоркенде кожолордон алты жыл окуган. Мечит, медреселерде мугалимдик кылган. 1931-ж. жалган жалаа менен камалып, он ай түрмөдө жатып, кийин Сибирге (Карагандыга) сүргүнгө айдалган. 1937-ж. сүргүндөн келип каза болгон. Акындын абакка түшкөнгө чейинки ырлары эл оозунан жыйналып, топтолгон. «Өткөн күндөр», «Молдокеңдин зарлаганы», «Жарынын келиши», «Молдо Багыш түрмөдөгү жолдоштору менен коштошкону», «Түрмөдөгү арман-казал», «Молдо Багыштын насыяты» ж. б. ырларында түрмөнүн ички турмушу, ошондой эле адилетсиздикти ашкерелөө, чындыктын түбүнө жетүү аракеттери айтылган. М. Б-тын түрмөгө чейинки ырларынын ичинде «Бузулду гой заманың», «Калкыңдан кетти адаалат» аттуу чыгармаларында Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы психол.-адеп-ахлактык алмашуулар, шарияттын бузулушу ж. б. ашкереленген. Акындын «Молдо Багыш санаты», «Молдокеңдин аңгемеси», «Кедейлерге насият», «Балдарга менин санатым» сыяктуу дидактикалык мүнөздөгү чыгармалары анын талантын, ырчылык кудуретин көрсөтөт. 1998-ж. «Абак дептери» жарыкка чыккан.