МАРРАМБЙДЖИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (7 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРРАМБЙДЖИ - Австралиянын түштүк-чыгышындагы дарыя, Муррейдин оң куймасы. Узундугу 2172 км, алабынын аянты 184 миң км2. Австралия Альп тоолорунун түндүк тармактарынын башталып, түздүк аркылуу агат. Башкы куймасы - Лаклан (оң). Мурда суу тез-тез ташкындап тургандыктан, баш жагында Барринжак суу сактагыч жана ГЭС курулган. Орт. чыгымы Балраналд ш. тушта 34,5 м2/сек (эң чоңу 299) Сугатка кеңири пайдаланылат. 1852-жылы кыйраткыч ташкын болуп, Галедагай шаарчасын толугу менен жууп (калкынын ;/3и кырылып калган) кеткен. Жаан-чачындуу мезгилде чатынан Уогта-Уогта ш-на чейин кеме жүрөт, кургакчылык убакта кээде соолуп калат. Австр. аборигендердин тилинен которгондо «чоң суу» дегенди түшүндүрөт.