МАРКШЕЙДЕРИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (10 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРКШЕЙДЕРИЯ (немисче шагк - чек ара, эсйегйеп - бөлүп таануу) - техника, тоо-кен илимдеринин бир тармагы. Жер астындагы кендердин алган ордун, түзүлүшүн, турпатын, өлчөмүн, тоо тектеринин деформацияланышын изилдейт. Иш маркшейдерлик аспаптар менен жүргүзүлөт. Кен чалгындоодо жер бетинин картасы түзүлөт. Таяныч торлор жүргүзүлүп, тоо казылмалары такталат. Чиймелер, сүрөттөр, аткарылуучу жумуштардын көлөмү, кен тулкусунун өлчөмдөрү, кендин геол. запасы аныкталатынча Тоо-кен иштеринин долбоору түзүлөт. Кендин чек аралары, казып алуу системалары, курулуштар каралат. Тоо-кен иштеринин календардык планы түзүлөт. Казындыда тектердин урашы, жылышуулары, коопсуздуктар такталат жана текшерилип турат.