МАРКС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(9 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРКС (Магх) Карл (5. 5. 1818, Германия, Трир - 14. 3. 1883, Лондон) - немис философу, социолог, экономист, коомдук ишмер, «Капи­тал» аттуу фундаменталдуу эмгектин автору. М. диалектикалык жана тары­хый материализмге, саясий экономияга

жана илимий социа­лизмге негиз салган. Пролета­риаттын тап күрөшүнүн тео­риясын иштеп чыккан. М. ад­вокаттын үй-бүлөсүндө туул­ган. Бонн жана Берлин университет­теринде окуган. Анын революция­чыл философиялык көз карашы жаш гегелчилердин таасиринде калыптанган. 1842- 43-жылы Кёльндеги демокр. «Рейн гезитинде» жур­налист жана редактор. 1843-жылы гезит жабылган соң, Парижге көчүп келип, социалисттик жана демокр. кыймылдын өкүлдөрү менен таанышып, Генрих Гейне жана Фридрих Энгелъс менен достошкон. М-тын 1844-жылы «Немистик-француздук жыйнак­та» жарыяланган «Еврейлер маселеси» жана «Ге­гелдин укук философиясын сындоого карата ки­риш сөз» аттуу макалалары анын материализм позициясына биротоло өткөндүгүн ырастаган. М. менен Энгельс «Ыйык үй-бүлө» (1845) эмгегин­де майда буржуазиялык идеологияны сындап, жумушчу кыймылынын теориясы менен тактикасын иш­теп чыккан. 1845-48-жылы М. Энгельс менен бирге «Немистик идеология» эмгегин жазып, анда Ге­гелдин идеализми менен Л. Фейербахтын ыраат­сыз материализмин сындап, диалектикалык материализм менен тарыхый материализмдин не­гизги жоболорун түзүшкөн. П. Ж. Прудондун майда буржуазиялык философиясына каршы «Филосо­фия жакырчылыгы» деген эмгегинде М. тары­хый материализмге жана пролетардык саясий экономияга негиз салган. М. менен Энгельс жаз­ган «Коммунисттик партиянын манифести» (1848) марксизм менен пролетарлар партиясынын программалык документи болгон. 1848-жылы Март революциясынан кийин Парижден Кёльнге (Германия) келип, 1848-жылы 1-мартта күн сайын чыгуучу «Жа­ңы Рейн» революциячыл гезитин (Коммунисттер сою­зунун органы) чыгарып, Германияда жана Евро­пада эң маанилүү революциячыл окуяларды анализ­деп турган. 1849-жылы майда Пруссия өкмөтү ге­зитти куугунтуктап жапкан соң, Лондонго келип, өмүрүнүн акырына чейин жашаган. М. 1864-жылы 28-сентябрда Лондондо түзүлгөн 1- Интернационалдын негиздөөчүсү жана жол баш­чысы. М. ар кайсы өлкөнүн жумушчу кыймы­лын бириктирүүгө умтулуп, прудонизм, лассал­чылык, бакунизмге (анархисттерге) каршы чеч­киндүү күрөшкөн. 1867-жылы М-тын негизги эмге­ги - «Капиталдын» 1-тому жарыкка чыккан. «Капиталды» жазууда М. эбегейсиз көп тары­хый, философиялык, социалдык ж. б. илимий эмгектерди (ошондой эле математика, агрохимия, минералогия ж. б.) окуп-үйрөнүү менен өзүнө чейинки улуу эко­номисттердин (А. Смит, Д. Рикардо) эмгектери­не сын баа берип, капитализмдин өнүгүшүнүн экономикалык закондорун, рынок системасы үстөмдүк кылган капиталисттик коомдо жалпы экономикалык кризистин тез-тез кайталануу закон ченемдүү­лүгүн ачкан. Коомдогу мамлекеттик саясаттын прин­циптерин, жоболорун, рынок экономикасынын маани-маңызы жана негиздерин изилдеп, капи­тализмдин кемчиликтери менен мүмкүнчүлүк­төрүн, капит. системанын жаңы прогрессивдүү коомдук экономикалык системага өсүп чыгышынын за­рылдыгын тапкан. «Капиталга» чейин жарык көргөн нарк теориясы менен акча теориясын кам­тыган «Саясий экономияга сын» аттуу эмгеги­нин кириш сөзүнө М. тарыхты материалистче түшүнүүнүн классикалык аныктамасын берген. В. И. Ленин «Капиталды» «саясий-экономика­лык улуу чыгарма» деп баалап, философиялык жана та­рыхый изилдөөдө - «Капиталда» бир эле илим­ге карата логиканын, диалектикалык мате­риализмдин таанып-билүү теориясы колдонул­гандыгын» белгилеген. «Капиталдын» тарыхый маанисине Ф. Энгельс: «Жер жүзүндө капита­листтер менен жумушчу табы пайда болгондон бери жумушчулар үчүн мындай маанилүү бир да чыгарма болгон эмес...»,- деп баа берген. Бул бир өмүр сарпталган илимий эмгекти (Ф. Энгельс) «Капиталды» жаратууга М. 40 жылдан ашуун убакыт жумшаган (1843-83). Негизинен М-тын бардык теориялык жана практикалык ишмердиги кам­тылып, коомдо менчик маселесинен улам

чык­кан карама-каршылыкты, философияда диалек­тикалык жана тарыхый материализмди, эконо­микада кошумча нарк теориясын, саясатта тап күрөшүнүн теориясын ачкан. М-ка карата ар кандай көз караштар болгону менен, анын 19-20- к-дагы дүйн. тарыхый процесске тийгизген таа­сири эбегейсиз зор. АКШ конгрессинин китеп­канасынын маалыматы боюнча (1999) М-га арнал­ган илимий эмгектердин саны өтө көп.

Эмг.: Маркс К„ Энгельс Ф. Соч. 2-е изд. Т. 1-39. М., 1955-73.

Ад.: Ленин В. И. Карл Маркс. М., 1918; Каутский К. Экономическое учение К. Маркса. М. 2003; Туган­Барановский М. И. Теоретические основы марксизма. М., 2003; Аттали Ж. К. К. Маркс. М., 2008; Вин Ф. Маркс: Капитал. М. 2009.