МАРКО ПОЛО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(7 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРКО ПОЛО (15. 9. 1254, Венеция ш. - 8. 1. 1324, ошол эле жер) - венециялык саякатчы. О. кылымдарда Азия тууралуу геог. жана тары­хый маалыматтарды калтырган. 1260-69-жылы атасы Николло, агасы Маттео Пололор Крым, Бухара аркылуу Пекинге чейин барып кайткан. 1271-75-жылы М. П. атасы менен кайрадан Жер Ор­толук деңиз, Палестина, Кичи Азия, Ирак, Иран, Памир тоосу жана Кашкар аркылуу Пекинге жет­кен. Кытайда 17 жыл турган. Моңгол ханы Хубилайдын карамагында болуп, Хубилай ага мекенине кайтууга уруксат бербей, түрдүү иш­терди тапшырган. 1295-жылы деңиз жолу менен Түштүк Азияны айланып өтүп, Жер Ортолук деңиз ар­кылуу элине кайтып келген. Кытайга жасаган саякаты тууралуу «Түркүн дүйнө жөнүндө ки­теп» аттуу эмгегин Рустичеллого жаздырган. М. П-нун эмгегинде Азия, Европа жана Африка­нын бир нече өлкөсүнүн географиялык абалы, тарыхы жана калкы ж. б. жөнүндө маалыматтар берилген. 14-15-к-да Европа элдеринин тилдерине кото­рулуп, Азиянын картасын түзүүгө негиз болгон.

Ад.: Книга о разнообразии мира. Книга Марко Поло. М., 1997; Дреж.Ж.-П. Марко Поло и Шёлковый путь. М., 2006.