МАРКОВ ПРОЦЕССИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРКОВ ПРОЦЕССИ - кокус процесстердин маанилүү бир түрү. Системанын абалынын көптүгү 8 чектүү санаттуу {8р 82, ..., 8л, ...} болсун. Эгер системанын 8. абалынан 10 моментинде 8. абалына өтмө ыктымалдыгы 10+1 моментинде /, I, уго гана (системанын 40дөн мурунку абалынан) көз каранды болсо, кокус процесс М. п. деп аталат. Бул ыктымалдык Р,(0 менен белгиленип, өтмө ыктымалдыгы деп аталат. Бул учурда төмөнкү барабардык аткарылат: Р(.(<+3)=-Р|4(1)Р4у (5) (Колмогоров - Чепман теңдемеси). Айрым шарттарды сактоодо М. п-нин өтмө ыктымалдыгы сызыктуу бир тектүү дифференциалдык тендемелердин чектүү же чексиз системасында аткарылат. М. п-нин жеке учуру - Марков тизмеги; бул теорияда бир абалдан экинчи абалга убакыттын так аныкталган £2, ..., 14, моментинде гана өтмө системалар каралат. М. п. теориясын алгач Атап Айтканда Марков сунуш кылган (1907). Ал эми 1930-жылы А. Н. Колмогоров М. п-нин так математикалык теориясын түзгөн. М. п. теориясын өнүктүрүү көбүнчө физиканын колдонмо маселелери (мисалы, радиактивдүү заттардын ажырашы, мында берилген атомдун аз убакытта бөлүнүү ыктымалдыгы мурда болуп өткөн процесске көз каранды эмес; диффузия маселеси ж. б.) менен байланышкан. Ал эми броун кыймылы тибиндеги М. п. парабола тибиндеги дифференциалдык теңдеме менен тыгыз байланышат.
Ад.: Дынкин Е. Б. Марковские процессы. М., 1963; Королюк В. С. и др. Справочник по теории вероятностей и математической статистике. М., 1985.