МАРКЙЗ АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (9 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРКЙЗ АРАЛДАРЫ - Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү жанартоо аралдарынын тобу, Полинезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,3 миң км2. Калкы 6 миндей. Администрациялык борбордук - Таиохаэ ш. Эң бийик аралдары - Нукух Оива жана Хива-Оа. М. а. жанар тоо атылыштарынан пайда болгон базальт жана туф тектеринен турат. Бийиктиги 1259 .иге чейин. Климаты тропиктик, пассаттык. Жылдык жаан-чачыны 1000-2500 мм. Нымдуу тропик токою, бадалдуу саванна ээлейт. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Балык кармалатынча Бермет чогултулат. М. а-н 1595-жылы испан деңиз саякатчысы А. Менданья де Нейра ачкан; Перунун вице-королу маркиз Мендосанын урматына аталган. Хива-Оа а-нда өмүрүнүн акырына чейин атактуу француз сүрөтчүсү П. Гоген жашап өткөн. Туризм өнүккөн.