МАРЙЯ ТЕРЕЗИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (10 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРЙЯ ТЕРЕЗИЯ (13. 5. 1717, Вена - 29. 11. 1780, ошол эле жер) - Австрия эрцгерцогинясы, Венгрия жана Богемия королевасы (1740-жылдан). Габсбургдар династиясынан, Карл У1нын улуу кызы - 1736-жылы герцог Франц Стефан Лотарингскийге турмушка чыккан. 1713-жылы атасы Карл VI чыгарган Прагматикалык санкция боюнча уулу жок болгондуктан, такка кызынын отуРУУсуна уруксат берилген. 1740-жылы Карл VI өлгөндө анын кызы М. Т-нын мурастык укуктарын башка европалык мамлекет башчылары талаша баштап, акырында 1748-жылы гана М. Т-нын укугу таанылган. 1765-жылы чейин М. Т. күйөөсү - Франц Стефан (лотарингиялык император Франц I), 1765-жылдан уулу - Иосиф II менен бирге мамлекетти башкарган. М. Т. Австрия аймагында абсолютизмдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, мамлекеттин борборлоштурулушуна багытталган реформаларды (мамлекеттик кеңеш түзүлүп, провинциялык башкармалыкты, бажы кызматын реформалаган) жүргүзгөн. Барщиналык системанын кризисине байланыштуу жана 1775-жылы дыйкандар көтөрүлүшүнөн улам «барщина жөнүндө патент», 1768-жылы жаңы кылмыш кодекси ж. б. мыйзамдарды чыгарттырып, 1776-жылы кыйноолорду жойгон. 1756-63-жылы Жети жылдык согуштун жүрүшүндө Пруссия басып алган Силезияны кайтарып алууга жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган.