МАРИЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРИЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ, М а р и й Э л Россиянын Европа бөлүгүнүн борборунда, Ор­тонку Волга боюнда жайгашкан. Аянты 23,4 миң км2. Калкы 698,2 миң (2010). Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 32 киши. Борбору - Йош­кар-Ола ш. Ири шаарлары: Волжск, Козмоде­мьянск. Шаар калкы 63,2%. Администрациялык-аймактык жак­тан 14 районго, 4 шаарга, 15 шаарчага бөлунөт. Орустар басымдуу (47,5%), ошондой эле марийлер (43,3), татарлар (5,9%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын көпчүлүгү православный­лар, андан тышкары мусулмандар, протестант­тар, жергиликтүү динди туткандар да бар.

Мамлекеттик бийликтин органдар системасы РФтин жана Марий Эл Респ-нын конституциялары менен аныкталат. Мамлекеттик бийлик - Мамлекеттик чогулуш тарабынан жүргүзүлөт. Ал жалпы эл тарабы­нан 5 жылга шайланган 52 депутаттан турат. Респ-ны президент башкарат.

Волга бою федерация округуна кирет. Табия­ты адамдын жашоо шартына жагымдуу. Экол. абалы аймагынын көпчүлүк бөлүгундө канаат­тандырарлык. Чебоксары суу сактагычы айла­на-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүдө. Марий­Чодра улуттук паркы, Чоң Кокшага коругу, 9 заказник, 38 табигый (анын ичинде ботаника, зооло­гия) эстеликтер уюштурулган. Жеринин бети - адырлуу түздүк. Климаты мелүүн континенттик. Кышы анча суук эмес. Жайы салкын. Январ­дын орт. температурасы -13°С, июлдуку 19°С. Жыл­дык жаан-чачыны 460 мм. Башкы дарыясы - Волга. Аймагынын 55,6% ин токой ээлейт. Ийне жалбырактуу токой басымдуу. Дарыя өрөөндө­рүндө жазы жалбырактуу токой өсөт. РФтин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 12 түрү (анын ичинде калипсо, марал кулак ж. б.), дарактын 107 түрү (анын ичинде кара терек, кадимки ак чечек) киргизил­генетикалык Фаунасында сут эмүүчүлөрдун 60 (анын ичинде респ­нын Кызыл китебине 23 түру киргизилген), уялоочу куштардын 176 (анын ичинде 57си), балык менен

оймок ооздуулардын 42 (анын ичинде 10у), сойлоочу­лардын 7 түрү кездешет. Табигый курулуш мате­риалдарынын, айнек кумунун, сапропелдин (чи­ринди), табигый мин. боёктордун, дары баткак­тардын, минералдуу суулардын запасы бар.

Калкы - марийлер (42,9%), орустар (47,5%), башка улуттар да бар. Марийлердин пайда бо­лушу биздин замандын 5-7-к-га туура келет. 13-к-да моңгол­татарлар басып алган. 1551-52-жылы Орус мамл­нин курамына кирген. 1920-жылы РСФСРдин кура­мында Марий АОсу, 1936-жылы Марий АССРи бо­луп түзүлгөн. 1992-жылдан Марий Эл Респуб­ликасы.

Республика Волга-Вятка экономикалык районунун курамына кирет. Региондун дүң продукциясы­нын көлөмү 15484,0 миллион рублди түзөт. Андагы ө. ж-дын үлүшү 27%. РФтин экономикасында Республика муздаткычтардын жабдууларын, токой даярдоочу техникаларды чыгаруу жана целлюлоза-кагаз өндүрүшү менен өзгөчөлөнөт. Ма­шина куруу (ири ишканалары: «Ариада» - соо­да жана ө. ж. муздаткычтары, «Гран» тез музда­туучу аппараттар, аба муздатуучу жабдуулар, «Марийский машиностроитель», «Изотоп» өндүрүш бирикмеси, «Контакт», «Новатор» АК), тамак-аш, электр-техникалык, электроника, оптика, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, ө. ж. ишка­налары жана булгаары-бут кийим, булгаары-мех фабрикалары иштейт. Музыкалык аспаптарга салттуу оймо түшүрүү өнүккөн. Экономикасында маанилүү орунду нефть ажыратуу (эң ири Марий нефть тазалоочу ишканасы; кубаттуулугу 1250 миң т чийки нефть) жана нефть продукцияларын чы­гаруу ээлейт. Мал чарбасы (анын ичинде сүт багытында­гы) өнүккөн. Бодо мал, кой, чочко асыралып, үй канаттуулары багылат. Дан эгиндери, жа­шылча, картошка, кендир, кулмак өстүрүлөт.

Т. ж-нун узундугу 152 км, автомобилдики 3313 км (анын ичинде асфальтталганы 2900), деңиз жолу 279 км- ден ашык. Волга жана Ветлуга дарыясында кеме жүрөт. Негизги дениз порттору: Волжск, Звенигово, Кокшайск, Козьмодемьянск, Юрино. Йошкар­Олада аэропорт бар.

Жалпы билим берүүчү 401 окуу жайы, 32 ал­гачкы жана атайын билим берүүчү, 6 ЖОЖ (анын ичинде 4 мамлекеттик, филиалдары менен), 6 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, улуттук аспаптар оркест­ри, ЗОдан ашык музей (анын ичинде улуттук, ачык ас­ман астындагы этногр.), «Шереметев замогу» арх­ралык-чарбак музей-коругу, М. Шкетандын үй­музейи, 3 респ. китепкана (анын ичинде азиздер үчүн) бар.

Ад.: Марий Эл // Болыдая Роесийская энциклопе­дия, Россия. Спец. том. М., 2004; Марий Эл//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 19. М., 2012.

Р. Карачалова.