МАРИЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРИЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ, М а р и й Э л Россиянын Европа бөлүгүнүн борборунда, Ортонку Волга боюнда жайгашкан. Аянты 23,4 миң км2. Калкы 698,2 миң (2010). Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 32 киши. Борбору - Йошкар-Ола ш. Ири шаарлары: Волжск, Козмодемьянск. Шаар калкы 63,2%. Администрациялык-аймактык жактан 14 районго, 4 шаарга, 15 шаарчага бөлунөт. Орустар басымдуу (47,5%), ошондой эле марийлер (43,3), татарлар (5,9%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын көпчүлүгү православныйлар, андан тышкары мусулмандар, протестанттар, жергиликтүү динди туткандар да бар.
Мамлекеттик бийликтин органдар системасы РФтин жана Марий Эл Респ-нын конституциялары менен аныкталат. Мамлекеттик бийлик - Мамлекеттик чогулуш тарабынан жүргүзүлөт. Ал жалпы эл тарабынан 5 жылга шайланган 52 депутаттан турат. Респ-ны президент башкарат.
Волга бою федерация округуна кирет. Табияты адамдын жашоо шартына жагымдуу. Экол. абалы аймагынын көпчүлүк бөлүгундө канааттандырарлык. Чебоксары суу сактагычы айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизүүдө. МарийЧодра улуттук паркы, Чоң Кокшага коругу, 9 заказник, 38 табигый (анын ичинде ботаника, зоология) эстеликтер уюштурулган. Жеринин бети - адырлуу түздүк. Климаты мелүүн континенттик. Кышы анча суук эмес. Жайы салкын. Январдын орт. температурасы -13°С, июлдуку 19°С. Жылдык жаан-чачыны 460 мм. Башкы дарыясы - Волга. Аймагынын 55,6% ин токой ээлейт. Ийне жалбырактуу токой басымдуу. Дарыя өрөөндөрүндө жазы жалбырактуу токой өсөт. РФтин Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 12 түрү (анын ичинде калипсо, марал кулак ж. б.), дарактын 107 түрү (анын ичинде кара терек, кадимки ак чечек) киргизилгенетикалык Фаунасында сут эмүүчүлөрдун 60 (анын ичинде респнын Кызыл китебине 23 түру киргизилген), уялоочу куштардын 176 (анын ичинде 57си), балык менен
оймок ооздуулардын 42 (анын ичинде 10у), сойлоочулардын 7 түрү кездешет. Табигый курулуш материалдарынын, айнек кумунун, сапропелдин (чиринди), табигый мин. боёктордун, дары баткактардын, минералдуу суулардын запасы бар.
Калкы - марийлер (42,9%), орустар (47,5%), башка улуттар да бар. Марийлердин пайда болушу биздин замандын 5-7-к-га туура келет. 13-к-да моңголтатарлар басып алган. 1551-52-жылы Орус мамлнин курамына кирген. 1920-жылы РСФСРдин курамында Марий АОсу, 1936-жылы Марий АССРи болуп түзүлгөн. 1992-жылдан Марий Эл Республикасы.
Республика Волга-Вятка экономикалык районунун курамына кирет. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 15484,0 миллион рублди түзөт. Андагы ө. ж-дын үлүшү 27%. РФтин экономикасында Республика муздаткычтардын жабдууларын, токой даярдоочу техникаларды чыгаруу жана целлюлоза-кагаз өндүрүшү менен өзгөчөлөнөт. Машина куруу (ири ишканалары: «Ариада» - соода жана ө. ж. муздаткычтары, «Гран» тез муздатуучу аппараттар, аба муздатуучу жабдуулар, «Марийский машиностроитель», «Изотоп» өндүрүш бирикмеси, «Контакт», «Новатор» АК), тамак-аш, электр-техникалык, электроника, оптика, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, ө. ж. ишканалары жана булгаары-бут кийим, булгаары-мех фабрикалары иштейт. Музыкалык аспаптарга салттуу оймо түшүрүү өнүккөн. Экономикасында маанилүү орунду нефть ажыратуу (эң ири Марий нефть тазалоочу ишканасы; кубаттуулугу 1250 миң т чийки нефть) жана нефть продукцияларын чыгаруу ээлейт. Мал чарбасы (анын ичинде сүт багытындагы) өнүккөн. Бодо мал, кой, чочко асыралып, үй канаттуулары багылат. Дан эгиндери, жашылча, картошка, кендир, кулмак өстүрүлөт.
Т. ж-нун узундугу 152 км, автомобилдики 3313 км (анын ичинде асфальтталганы 2900), деңиз жолу 279 км- ден ашык. Волга жана Ветлуга дарыясында кеме жүрөт. Негизги дениз порттору: Волжск, Звенигово, Кокшайск, Козьмодемьянск, Юрино. ЙошкарОлада аэропорт бар.
Жалпы билим берүүчү 401 окуу жайы, 32 алгачкы жана атайын билим берүүчү, 6 ЖОЖ (анын ичинде 4 мамлекеттик, филиалдары менен), 6 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, улуттук аспаптар оркестри, ЗОдан ашык музей (анын ичинде улуттук, ачык асман астындагы этногр.), «Шереметев замогу» архралык-чарбак музей-коругу, М. Шкетандын үймузейи, 3 респ. китепкана (анын ичинде азиздер үчүн) бар.
Ад.: Марий Эл // Болыдая Роесийская энциклопедия, Россия. Спец. том. М., 2004; Марий Эл//Болыпая Российская энциклопедия. Т. 19. М., 2012.
Р. Карачалова.