МАРЕЧЕК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(10 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРЕЧЕК Рудольф Павлович (28. 2. 1883, Че­хия, Ново-Грозенков кыш. - 20. 3. 1970, Фрун­зе) - Жети-Сууда Совет бийлигин орнотууга ка­тышкан чех интернационалисти. Революциячыл көз карашы үчүн сүргүнгө айдалып, Кишинёв, Харь­ков жана Верныйда иштеген. 1918-жылы 19-мартта РКП(б)нин Верный шаардык Убактылуу комитети­нин төрагасы болуп шайланган. 1918-20-жылы Кы­зыл Армия бөлүктөрүндө комиссар, РКП(б)нин Пржевальск (азыркы Каракол) шааркомунун төрагасы. 1919-жылы «Новая эра» коммунасын (Түп районундагы Фрунзе атындагы колхоз) уюштурган. 1920-жылы РКП(б) БК аны партиялык тапшырма менен Жилин ш-на (Чехословакия) жиберген. 1923-жылы май айында шаардык жыйындардын биринде квалификациялуу жумушчулардан өндүрүш коо­перативин ачып (к. Интергельпо), жардам ире­тинде Советтер Союзуна жиберүүнү сунуштаган. Анын демилгесин Чехословакия Компартиясы­нын жетекчилери колдоп чыккан жана 1924-жылы 9-ноябрда өндүрүш кооперативинин 1-жыйыны өтүп, уставы кабыл алынган. Советтер Союзуна кайтып келгенден кийин Саратов ш-на жакын а. ч. коммунасын («Рефлектор») уюштурган. Кийин Ташкент, Алматы, Фрунзе, Пржевальск шаарында партиялык, чарбалык кызматтарда иштеген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сый­ланган.

Ац.: Каниметов А. К„ Маречек Р. П., Мужиков И. П. Чехословакиялык «Интергелыто» кооперативинин та­рыхы. Фр., 1958.