МАРЕЧЕК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (13 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРЕЧЕК Рудольф Павлович (28. 2. 1883, Чехия, Ново-Грозенков кыш. - 20. 3. 1970, Фрунзе) - Жети-Сууда Совет бийлигин орнотууга катышкан чех интернационалисти. Революциячыл көз карашы үчүн сүргүнгө айдалып, Кишинёв, Харьков жана Верныйда иштеген. 1918-жылы 19-мартта РКП(б)нин Верный шаардык Убактылуу комитетинин төрагасы болуп шайланган. 1918-20-жылы Кызыл Армия бөлүктөрүндө комиссар, РКП(б)нин Пржевальск (азыркы Каракол) шааркомунун төрагасы. 1919-жылы «Новая эра» коммунасын (Түп районундагы Фрунзе атындагы колхоз) уюштурган. 1920-жылы РКП(б) БК аны партиялык тапшырма менен Жилин ш-на (Чехословакия) жиберген. 1923-жылы май айында шаардык жыйындардын биринде квалификациялуу жумушчулардан өндүрүш кооперативин ачып (к. Интергельпо), жардам иретинде Советтер Союзуна жиберүүнү сунуштаган. Анын демилгесин Чехословакия Компартиясынын жетекчилери колдоп чыккан жана 1924-жылы 9-ноябрда өндүрүш кооперативинин 1-жыйыны өтүп, уставы кабыл алынган. Советтер Союзуна кайтып келгенден кийин Саратов ш-на жакын а. ч. коммунасын («Рефлектор») уюштурган. Кийин Ташкент, Алматы, Фрунзе, Пржевальск шаарында партиялык, чарбалык кызматтарда иштеген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.
Ац.: Каниметов А. К„ Маречек Р. П., Мужиков И. П. Чехословакиялык «Интергелыто» кооперативинин тарыхы. Фр., 1958.