МАРГУЛАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРГУЛАН Алкей Хаканович (11. 5. 1904, Павлодар обл., Баянаул району - 12. 1. 1985, Ал­маты) - казак археологу, филология илимдеринин доктору (1946). Казак ССР ИАнын академиги (1958), профессор (1960), Ленин­граддагы Чыгыш таануу ин­тун бүтүргөн (1931). 1926- 30-жылы СССР ИАнын Казак­стан менен Алтайды изилдөөчү экспедициясына катышйан. 1946-жылдан Казак ССР ИАнын Тарых, археология жана этнография институтунун археология секторунун, 1955-жылдан этнография бөлүмүнүн башчысы. 1943- жылдан Түштүк Казакстанда жана бир катар шаар­ларда казуу иштерин жүргүзгөн. 1946-жылдан Борбордук Казакстандагы археол. экспедицияны уюштуруп, аны жетектеген. Ч. Валихановдун чыгармачылык мурасын

жыйноодо жана бастырып чыгарууда чоң эмгек сиңирген. Андан тышка­ры «Шокан жана “Манас”» (1973) деген эмгек жазган. Ч. Валиханов «Манас» эпосунан жа­зып алган Көкөтөйдүн ашы жөнүндөгү араб тамга­сындагы кол жазмасынын үзүндүсүн архивден таап, «Көкөтайдың ертегиси» («Көкөтайдын жо­могу») деген ат менен казак тилине которуп, жа­рыялаган (1973). М. - тарых, археология, этно­графия, адабият жана искусство тарыхына арналган ЗООдөн ашык илимий эмгектин автору. Ленин, Эм­гек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сый­ланган.

Эмг.: Из истории городов и строительного искусства древнего Казахстана. А.-А., 1950; Открытие новых памятников культуры эпохи бронзы Центрального Казахстана. М., 1960.