МАРГУЛАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (8 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРГУЛАН Алкей Хаканович (11. 5. 1904, Павлодар обл., Баянаул району - 12. 1. 1985, Алматы) - казак археологу, филология илимдеринин доктору (1946). Казак ССР ИАнын академиги (1958), профессор (1960), Ленинграддагы Чыгыш таануу интун бүтүргөн (1931). 1926- 30-жылы СССР ИАнын Казакстан менен Алтайды изилдөөчү экспедициясына катышйан. 1946-жылдан Казак ССР ИАнын Тарых, археология жана этнография институтунун археология секторунун, 1955-жылдан этнография бөлүмүнүн башчысы. 1943- жылдан Түштүк Казакстанда жана бир катар шаарларда казуу иштерин жүргүзгөн. 1946-жылдан Борбордук Казакстандагы археол. экспедицияны уюштуруп, аны жетектеген. Ч. Валихановдун чыгармачылык мурасын

жыйноодо жана бастырып чыгарууда чоң эмгек сиңирген. Андан тышкары «Шокан жана “Манас”» (1973) деген эмгек жазган. Ч. Валиханов «Манас» эпосунан жазып алган Көкөтөйдүн ашы жөнүндөгү араб тамгасындагы кол жазмасынын үзүндүсүн архивден таап, «Көкөтайдың ертегиси» («Көкөтайдын жомогу») деген ат менен казак тилине которуп, жарыялаган (1973). М. - тарых, археология, этнография, адабият жана искусство тарыхына арналган ЗООдөн ашык илимий эмгектин автору. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Из истории городов и строительного искусства древнего Казахстана. А.-А., 1950; Открытие новых памятников культуры эпохи бронзы Центрального Казахстана. М., 1960.