МАРГИАНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРГИАНА (грекче Мосрүшу) - Кара-Кум чөлү менен чектеш, Мургаб дарыясынын төмөнкү өрөөнүн кучагына алган тарыхый аймак. Улуу Жибек жолунан орун алып, бир жагынан Индия, Кытай, Борбордук Азияга кете турган тогуз жолдун тоому, экинчиден түшүмдүү, стратегиялык жактан маанилүү болгондуктан, адамдар байыртадан бери отурукташып, гүлдөгөн шаарлар салынган (к. Мерв). М-ны адегенде Александр Македонский, кийин Селевкид мамлекетинин падышасы Антиох III (к. Селевкиддер династиясы.) каратып алган. Биздин замандын 3-18-к-да Хорасан облусунун бир бөлүгү катары саналган.